Эсеп палатасынын дагы бир кызматкери директорлордон акча талап кылганга шектелди
RU

Эсеп палатасынын дагы бир кызматкери директорлордон акча талап кылганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы мектеп жана бала бакчалардын директорлорунан акча талап кылган деген шек менен Эсептөө палатасынын дагы бир мамлекеттик инспектору кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, Свердлов райондук билим берүү башкармалыгына текшерүү жүргүзүүдө Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Ж.К.Н. актыда одоно финансылык мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен, ошондой эле 28 билим берүү мекемесинин (27 мектеп жана 1 балдар чыгармачылык борбору) 2022-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө кезектеги аудит жүргүзүү аркылуу опузалап 5400 доллар алган. Өз кезегинде башкармалыктын жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу максатында окуучулардын санына жараша билим берүү мекемелеринен 18 миң сомдон 27 миң сомго чейин акча каражатын чогулткан.

Коопсуздук комитеттен белгилешкендей, Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору өзүнүн мыйзамсыз аракеттери аркылуу билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ар кандай жолдор, шылтоолор менен ата-энелерден акча чогултуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлаган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 342-берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасоого шектүү катары Эсептөө палатасынын инспектору Ж.К.Н. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК көзөмөлдөөчү функциялары бар мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо жазуу жүзүндөгү арыз менен же 0312 660475 ишеним телефону аркылуу байланышса болорун эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15868