Жеке менчикке өтүп кеткен 196 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды
RU

Жеке менчикке өтүп кеткен 196 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 196,2 млн сомдук тарыхый-маданий мурас объектиси жана жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Коопсуздук комитети мамлекеттик мүлктү башкаруу жана мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин пайдасына кайтарып алуу чөйрөсүндө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Фрунзе көчөсүндөгү 0,25 га жер тилкеси жана республикалык маанидеги архитектуралык эки кабаттуу имарат жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткенин тактаган.

Тагыраагы, 1992-жылы Москва шаарынын жалпы профсоюздар конфедерациясынын токтому менен Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешине Фрунзе жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги гимнастика боюнча имарат берилген.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Л.В.И. коррупциялык схеманы жеке кызыкчылыгы үчүн уюштурганы, анын жардамы менен жогоруда аталган кыймылсыз мүлктөр федерациянын ээлигинен мыйзамсыз чыгарылып, белгиленген тартипти бузуу менен жеке компания тарабынан менчиктештирилгени аныкталган.

Жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында белгиленген жер участогу жана имарат муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди. Мүлктүн жалпы наркы 196 млн 302 миң сомду түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15876