Асел Кадырбекова: Эгер апам экөөбүзгө бир нерсе болсо, жакындарым кимди күнөөлөштү билишет
RU

Асел Кадырбекова: Эгер апам экөөбүзгө бир нерсе болсо, жакындарым кимди күнөөлөштү билишет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Асел Кадырбекованын айтымында, ага карата коркутуулар болуп жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баркчасына жазган.

"Эгер апам экөөбүзгө бир нерсе болсо, жакындарым кимди күнөөлөштү билишет", - дейт ал.

"Мени коркутуп жатышат. Бирок, бул адамдан муну деле күтсө болот болчу. Менде аудио жазуулар, телефон чалуулар диктофонго сакталган. Эгер дагы коркутуу болсо, анда аларды чыгарам. Бул жакан чыгарганга шартым болбой калса, журналисттерге берем", - деп Кадырбекова билдирди.

Мен эми гана жакшы болуп келатканыма карабай, мени истерикага чейин жеткирип, ачуулантып жатат. Дарыгерлер тезирээк сакайып кетүү үчүн такыр нерв болгонго болбойт деп айтышкан болчу. Бирок ал кишиге барыбир! Ооба, мен аялмын, бирок өзүмду коргой алам!

Эске салсак, Асел Кадырбекова 2020-жылдын 26-июнда Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсыктан жабыркаган. Анда "Хонда Одиссей" менен "Тойота Камри" сүзүшкөн болчу. Натыйжасында үч адам жабыркаган.

Кийин ырчынын жолдошу Нурлан Насип, жубайы үчүн күнөөлүү адамды кечкенин билдирип, тосмо арызды кайын энеси жазганын айткан. Алар болгону ырчынын унаасын калыбына келтирип берүүсүн суранышкан. Аселдин дарылануусуна акча керек эмес, деген болчу.

2021-жылдын март айында Асел Кадырбекова Нурлан Насип менен ажырашып жаткандыгын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1588