Бишкекте кармалган трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжанга өткөрүлдү
RU

Бишкекте кармалган трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжанга өткөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан мурда кармалган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжандын расмий органдарынын өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, 22-мартта УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Киев/Совет көчөлөрүнүн кесилишинде трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар экендиги аныкталган Азербайжандын 5 жараны кармалган.

Комитеттен 20-мартта жогорудагы жарандар "Ак-Жол" автожол көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип, өздөрүнүн кылмыштуу таасирин, анын ичинде криминалдык идеологиясын жайылтуу жана күчөтүү максатында Кыргызстандын аймагында туруктуу уюшкан кылмыштуу топтордун системасын түзүүнү, ошондой эле эң оор кылмыш - буюртма менен киши өлтүрүүнү пландашкан деп билдирген.

"Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган адамдардын чындыгында эле кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги аныкталып, алар өлкө жарандарына коркунуч келтиргендиктен, ошондой эле Азербайжан тараптын өтүнүчү боюнча укук коргоо органдары менен мурда түзүлгөн келишимге ылайык, 7-апрелде "Манас" аэропортунун аймагында Азербайжандын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15890