Министрлик Москвада кармалган кыргызстандыктын иши боюнча маалымат берди
RU

Министрлик Москвада кармалган кыргызстандыктын иши боюнча маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада эмгектенип жүргөн 20 жаштагы Нурмухаммед Токобаевдин кармалышы боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

Буга чейин кыргызстандык жигиттин апасы өлкө жетекчилигине кайрылып, уулуна кине тагылып, 9 жылдан 15 жылга чейин камалып кетерин же Украинадагы согушка катышууга мажбурлап жатканын айтып, жардам сураган.

Тышкы иштер министрлиги Россиянын бийлигинен алган маалыматка караганда, 2-апрелде Н.Т. "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же жөнөтүү, ошондой эле баңги каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган өсүмдүктөрдү же алардын курамында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды камтыган бөлүктөрүн мыйзамсыз сатуу же жөнөтүү" беренеси менен кармалган. Соттун чечими менен ал камакта калтырылган.

Кыргызстандын жараны Украинанын аймагындагы атайын аскердик операцияга катышууга мажбур болгондугу тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Учурда элчиликтин компетенциясынын чегинде мекендешке керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын кошумчалашты министрликтен.

Башкы беттеги сүрөт: turmush.kg.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15910