Бишкекте "Ала-Тоо" аянтынын тегерек-чети убактылуу жабылат. Себеби
RU

Бишкекте "Ала-Тоо" аянтынын тегерек-чети убактылуу жабылат. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ала-Тоо" аянтын реконструкциялоо маселеси боюнча 11-апрелде көчмө жыйын өттү. Борбор калаа башкармалыгынан билдиришкендей, инфраструктураны жакшыртуу, шаардыктар жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, тарыхый жана маданий мурастарды сактоо максатында аянтты реконструкциялоо жана жаңылоо долбоорун баштоо талкууланды.

Бүгүнкү күндө реконструкциялоонун эскиздик долбоору "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасында аяктоо стадиясында турат, жакынкы арада аны ишке ашыруу боюнча иштер башталат.

Реконструкциялоонун башталышына байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек Даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде "Ала-Тоо" аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар убактылуу жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясы реконструкциялоого байланыштуу мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15921