Президент: Мындан кийин сырткы карыз боюнча жооп да бербейбиз
RU

Президент: Мындан кийин сырткы карыз боюнча жооп да бербейбиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкөнүн сырткы карыздары боюнча сын-пикирлерге жооп берди. Ал "Кабар" улуттук агенттигине берген маек берип жатып тышкы карыз деген теманы унутууга чакырды.

"Сырткы карыздарыбыз боюнча жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейинчи. Ушуну менен сырткы карыз деген теманы унуткулачы. Мындан кийин сырткы карыз боюнча жооп да бербейбиз. Албетте, түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбеген жарандарыбыз сырткы карызыбыз көбөйүп кетти деп манипуляция кыла бериши мүмкүн. Биз аларга мындан ары көңүл бурбайбыз!", - дейт.

Президенттин айтымында, 2020-жылга чейин Кыргызстандын 5 миллиард доллардын тегерегинде сырткы карызы болгон. Бул сумма 30 жылдан бери чогулган.

"Бул суммага акыркы убактагы Датка-Кемин, Түндүк-Түштүк авто жолу жана ТЭЦти модернизациялоодон башка көрүнүктүү иштер жасалган эмес. Бирок 3 долбоор тең өзүн-өзү 40 жылда актабаган долбоорлор болуп калыптыр. Бирок үчөө тең бизге керек болгон. Мен керек эмес деп айтпайм. Үчөө тең Кыргызстанга аба менен суудай керек болгон долбоорлор. Бирок өзүн-өзү 40 жылда да актабаган долбоор экенин айткым келди.

Түндүк-Түштүк жолу, Датка-Кемин деле ушундай кымбат. Буга кредит берген кытай тарап күнөөлүү эмес, өзүбүздүн бийлик, өзүбүздүн чиновниктер күнөөлүү. Акчалар уурдалган.

Эми ушул мезгилге чейин чогулган 5 миллиард доллар сырткы карыздарыбызды бүгүнтөн баштап 2035-жылга чейин төлөп бүтөбүз. Төлөө мөөнөтү менин командамдын пешенесине туш келди. Кудайга шүгүр, биздин күчүбүз жетет. Экономикабыз көтөрүлүп калды. Өлкөбүздө тынчтык жана стабилдүүлүк болуп турса эле кыйналбай төлөп коёбуз.

Эсиңерде болсун, буга чейинки карыздарды элдин эсебинен, жалпы республикалык бюджеттен төлөйбүз.

Себеби, буга чейинки бир да өзүн-өзү актаган долбоорлор жок. Алынган акчанын баары кумга сиңген суудай болуп, жок болуп кеткен.

Ал эми азыр алып жаткан карыздардын ар бир долларын конкретүү долбоорлорго жумшайбыз. Өзүн-өзү актай турган долбоорлого алып жатабыз. Бир эле мисал келтирейин. "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушуна 5-6 миллиард доллардын тегерегинде акча каражаты жумшалат. Бул долбоор бүтүп ишке киришкен күндөн баштап 13-15 жылда өзүн-өзү толук актайт.

Бул долбоорго кеткен карызды кайтаруу убагы келгенде республикалык бюджет, эл төлөбөйт.

Карызды кайтаруу мөөнөтү келгенче эле "Камбар-Ата 1" ГЭСи өзүн-өзү актап бүтөт. Дүйнөлүк банк 500 миллион долларды пайызы жок, 10 жылдык льготалык мөөнөт менен 50 жылга берип жатат. Мындай шарт менен кредит алуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болду.

Ошондуктан сырткы карызыбыз 10-15 миллиард долларга чыкса дагы эч кам санабай эле олтура берсеңиздер болот.

Эң негизгиси буга чейинки карыздарыбызды 2035-жылга чейин толук төлөп бүтөбүз. Андан ары канча суммада карыз болсок дагы ал карыздарды ар бир долбоор өзүн актап, өзү төлөп кете берет. Республикалык казнага, элдин чөнтөгүнө күч келтирбейт. Албетте, жолдорду курууга алынган карыздарды эсепке албаганда. Мен ири долбоорлорду гана атадым. 7-8 жылда өзүн-өзү актачу кичи жана орто ГЭСтердин долбоорлору бар. Аларга да инвестиция тартышыбыз керек. Биз азыр дүйнөлүк климаттык фондко кайрылып жатабыз. Эгер алар жардам бере турган болсо, биз толук жашыл энергетикага өтүп кетебиз. Башка тармактарда дагы көптөгөн долбоорлорубуз бар. Баарын майдалап айтып олтурбайын. Аларды жеке инвесторлор менен жана күчүбүз жеткенин бюджеттин эсебинен ишке ашырып жатабыз", - дейт президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15931