Кыргызстандыктар ушул аптада 5 күн катары менен эс алышат
RU

Кыргызстандыктар ушул аптада 5 күн катары менен эс алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек кодексине ылайык, май айында расмий эс алуу күндөрү белгиленгенин эскертет. Ага ылайык:

  • 1-май - Эмгек майрамы;
  • 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;
  • 9-май - Жеңиш күнү.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин узак дем алыш күндөрү белгиленген.

  • 2-майдын (бейшемби) ордуна 6-май иш күнү болот;
  • 3-майдын ордуна (жума) 11-май иш күнү болот;
  • 9-май расмий жумуш эмес майрам күн болуп саналат.

Ал эми 6 күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 1, 6 жана 9-майда эс алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15953