Тергөөчүнүн сабалышы: Жабырлануучунун атасы бийликке кайрылды
RU

Тергөөчүнүн сабалышы: Жабырлануучунун атасы бийликке кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14-апрелде белгисиз адамдар тарабынан сабалган тергөөчүнүн атасы бийликке кайрылды. Ал Kaktus.kg редакциясына маек берип, мамлекеттик кызматкерлерди жазалоо керек деп кошумчалады.

Эске салсак, Кант шаарында милициянын тергөөчүсүн сабаганга шектелип 3 адам 16-апрелде кармалган.

Маалыматка ылайык, 14-апрелге караган түнү саат 04:00 чамасында Канттагы "Маркет-24" дүкөнүнүн жанынан белгисиз адамдар 1991-жылы туулган К.Рны уруп, сабап, денесине жаракат келтирген. Жабырлануучу Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул факты каттоого алынып, 280-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган шектүүлөрдүн бөгөт чарасы 18-апрелде каралат.

Жабырлануучунун атасынын айтымында тергөөчүнү сабагандар - мамлекеттик кызматкерлер. Бири салык кызматында, экинчиси мэрияда жана айыл өкмөттө иштешет.

"Мамлекеттик кызматкерлер мыйзамды сыйлабаса жөнөкөй жарандар эмне кылышы керек?"

Бул окуя боюнча жабырлануучунун атасы Эркин Камалов редакцияга комментарий берип, мамлекеттик кызматтагы адамдар милицияны басып жатса, жөнөкөй жарандардын коопсуздугу коркунучта экенин айтып, шектүүлөр жаза алышы керек деп эсептейт.

"Алар баламдын ким экенин да карап койбоптур. Балам күч түзүмүндө иштейм деп айтыптыр. Аларга баары бир экен да. Алар баламдын жаагын эле үч жагынан сындырышыптыр, мурду дагы сынык. Мамлекеттик кызматкерлер ушундай мыйзамсыздык кылып жатса, башкалардан эмнени күтөбүз. Мен баламды негизсиз сабагандардын жазага тартылышын талап кылам", - деди жабырлануучунун атасы.

Ал арада жабырлануучунун жактоочусу тергөөчүнү сабагандарды кармаганча бешинчи шектүү Египетке качып кеткенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15960