Сурабалдиева Шакиевге: Мен көчөдөн келген эмесмин! Башка жакка барып күлүңүз, шылдыңдабай
RU

Сурабалдиева Шакиевге: Мен көчөдөн келген эмесмин! Башка жакка барып күлүңүз, шылдыңдабай

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

17-апрелде Жогорку Кеңеште парламенттин регламентине өзгөртүү киргизүү боюнча талаш-тартыш жаралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Марлен Маматалиев киргизилген нормалардын биринде депутаттык топтордогу депутаттардын санын жетиден бешке чейин кыскартуу сунушталып жатканын билдирди. Анын айтымында, Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетте депутаттар бул норма боюнча талашып-тартышкандыктан, ал өзүнчө добуш берүүнү суранды.

"Эгерде депутаттардын санын кыскартуу боюнча комитеттин чечими өтпөй калса, анда менин сунушума добуш берүүнү - ошол бойдон калтырууну сунуштайм", - деп белгиледи депутат.

Эльвира Сурабалдиева бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана бир дагы фракцияга же топко кирбеген депутаттарга добуш берүү укугу менен эки комитетке кирүүгө уруксат берүүнү сунуштаганын билдирди.

"Эмне эле кичинекей топко биригебиз десек эле көрө албагандай болуп жатасыңар? Эмне маселе болуп жатат? Же анча-мынча лидерлерге бул жакта атаандаштык болуп жатабы?Мен түшүнбөй жатам же үстү жактан кичинекей топторду түзбөгүлө деген буйруктар келип жатабы? Эмне болуп жатат? Биз парламентпиз го. Келгиле экинчи окууда… Урматтуу төрага, ызы-чуу болуп бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутуп жатабыз анан элге да шылдың болуп жатабыз. Кайтарып бергиле, ошол жактан кайсыл мыйзам чегинде талкуулайбыз. Ушуну добушка коюп бериңиздерчи, кесиптештер? Эми, колдоп бербейсиздерби? Уят эле, баары карап жатат", - деди ал.

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеш коллегиалдуу орган, чечим депутаттардын добуш берүүсү менен кабыл алынат баардыгы регламент боюнча жүрүп жатат деп жооп берди спикер.

Сунуш спикерге келип түшүп, бирок комитетте каралган жок.

Андан соң депутат микрафонго чыгып, кепитештери ЖКдагы депутат айымдарды сыйлабайт экенин айтып, аларды болбосо да айымдарды шайлаган шайлоочулардын добушун сыйлагыла деди.

"Урматтуу коллегалар эми мен түшүнөм. Биздин парламентте деген аялдарды сыйлашпайт. Аялдарды сыйлабай тургандыгын бүгүн көрдүк ТүркПаны бир кыздан талашып отуруп алдыңар, макул. Мен сунуш киргизип жатсам сунушту керек болсо добушка койгон жоксуңар. Өтпөгөнүн мен түшүнүп жатам, болгону мени депутат катары сыйлап койбойсуңарбы? Анча-мынча депутаттарга караганда менин деле добушум өйдөрөөк болот. Эмнеге ушундай басынтасыңар, добушка да коюп бербейсиңер?!

Урматтуу төрага мен эмне күлкүлүү бир нерсени айтып жатамбы? Сизге шылдыңдай тургандай бир позиция жеткирип жатамбы? Эмне деген мамиле?! Микрафонду каалаганга 20 мүнөт трибунага бересиздер. Анан мен айтсам таарынасыздар. Эмне эле бир партия, фракциянын атын тергеп жатасың деп… Эмне деген мамиле?! Сыйлагыла да. Аял киши болсом дагы бир мандаттуу округдан келсем деле анча-мынча менин кесиптештериме караганда добушум көбүрөөк келгем мен. Мени антип мазактабагыла! Сунушту бергенден кийин мыйзам боюнча коюп берсеңер болмок. Эмне шылдыңдап жатасыңар?! Унчукпаган сайын орой мамиле. Бул эмне дегендик?! Сизге күлкүлүү болуп жатабы?! Башка жерде күлөсүз, макулбу? Менин деле добуш берген адамдарым бар, ошону сыйлагыла?!

Канча жолу чыксам микрафонду каалагандай тейлейсиздер! Ушуну президент көрүп жатса, ушуну сиздин шефиңиз көрүп жатса, жеткирип койгула. Депутаттарга мындай мамиле кылууга болбойт! Мен көчөөдөн келген эмесмин! Мени эл шайлаган. Ошол добушту шылдыңдап отурасыздар. Колдобой эле койгула! Бул абдан чоң мазак жана кемсинтүү. Анан да өзүбүздүн эле кесиптештерден дагы отуруп алып күлүп жатат...", - деп нааразычылыгын билдирди депутат айым.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15971