Сот Имамидин Ташовдун баш коргоо чарасын тандады
RU

Сот Имамидин Ташовдун баш коргоо чарасын тандады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук соту камакка алынган Имамидин Ташовдун баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2024-жылдын 23-апрелиндеги чечими менен КР УКМКнын Мамлекеттик тергөө комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, Ташов бир айга убактылуу кармоочу жайга камакка алды", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, УКМК 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында ишкер Имамидин Ташовдун кармалганы боюнча маалымат тараткан.

УКМКнын маалыматы боюнча, ал бийликти басып алуу менен нааразылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирейин деп убактылуу штаб түзүүнү пландаган. УКМК Ташов буга чейин коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлери тарабынан бийликти күч менен басып алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга чакырык жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынганын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16014