"Донор болуп бериңиз". Министр трансплантацияга муктаж болгондордун жакындарына кайрылды
RU

"Донор болуп бериңиз". Министр трансплантацияга муктаж болгондордун жакындарына кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев органдарын алмаштырууга муктаж бейтаптардын жакындарына кайрылды.

Ал түшүндүргөндөй, өлкөдө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта бөйрөктү алмаштыруу операциялары бакысыз жүргүзүлүп жатат. Бирок донор табууда көп кыйынчылыктар бар. Учурда 3 миңге жакын адам гемодиализге муктаж.

"Көпчүлүгү донор табылбай жатат дешүүдө. Донорлор табылса тез-тез алмаштырып берип, гемодеализден чыгарып жиберсек жакшы болот эле.

Боору ооругандар жана жилик чучугун (костный мозг) алмаштыруучулар үчүн президент операцияларды өзүбүздөн жасаганды ишке ашыруу тапшырмасын берген.

Кудай буюрса, майдын аягында биринчи жолу өзүбүздө боор жана жилик чучугун алмаштырууну пландап жатабыз. 15 кишини боор алмаштырууга, жилик чучугун алмаштырууга 4 кишини даярдап жатабыз.

Бул операцияларды жасоого кеткен чыгымды дагы Садыр Жапаров өзүнүн демөөрчүлүк фондунан бөлүп берем деди. Болгону бейтап донорду өзү табат.

Гемодеализде жаткан бейтаптардын туугандарына кайрылам: колуңардан келсе жакындарыңарга бөйрөк боюнча донор болуп берүүңүздөрдү суранат элем", - деди Бейшеналиев.

Министр кошумчалагандай, ушул убакка чейин боорду алмаштыруу операциялары чет өлкөлөрдө жүргүзүлүп жатат. Мисалы, Түркияда мындай операция 55 миң доллар, Индияда 75 миң доллардан 80 миң долларга чейин турат. Чет өлкөдө сөөк чучугун алмаштыруу 130 миң доллардан 160 миң долларга чейин турарын белгиледи Бейшеналиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16043