ЖЭБдеги авария. Түркиядан келген бейтаптар дарылануусун Бишкектен улантышат
RU

ЖЭБдеги авария. Түркиядан келген бейтаптар дарылануусун Бишкектен улантышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-майда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам ооруканасына барып, комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен биргеликте Бишкек ЖЭБде жабыркаган эки жабырлануучу боюнча консилиум өткөрдү.

Консилиумдун жыйынтыгында бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды дешет министрликтен.

Белгилесек, бейтаптар Түркиянын Адана шаарындагы Шаардык илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө 3 айга жакын дарыланып, Бишкекке келишти. Аларга Түркияда бир катар операциялар жасалды. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, бирок аларга алдыда реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат.

"Бейтаптар алардын дарылануусуна көрсөткөн колдоосу үчүн президент Садыр Жапаровго терең ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле Адана клиникасынын бардык медициналык кызматкерлерине, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугуна жана аларга жардам берген Түркиядагы бардык мекендештерге ыраазычылыктарын айтышат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, жабыркагандар жакындары жана эки кыргызстандык дарыгердин коштоосунда 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга учуп кетишкен. Бейтаптарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар президенттин жеке көзөмөлүндө болуп, жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана дарылоо үчүн каражат бөлүнгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16130