Ташиев түндөгү митинг боюнча билдирүү жасады
RU

Ташиев түндөгү митинг боюнча билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуя боюнча комментарий берди. Айтымында, мындай кооптуу жагдайга мигранттардын көбөйүп жатканына жарандардын тынчсыздануусу себеп болгон.

"Кечээги окуяга 18 жаштан 25 жашка чейинки балдар катышкан. Алардын негизги талабы - башка мамлекеттен келген мигранттардын көбөйүп кеткенине байланыштуу болду. Мигранттардын көбөйүп кеткенине байланыштуу президенттин тапшырмасы менен биз апрель айынан баштап чараларды көрө баштаганбыз. Апрель, май айларында активдүү иштер жүрүп, күнүнө жок дегенде 20дан 50гө чейин мигрантты аныктап, аларды мамлекеттин аймагынан чыгаруу аракеттерин көрүп жатабыз.

Мигранттардын мыйзам бузуусу боюнча биздин колубузда статистика бар.

Бангладеш жана Пакистандан келгендер тарабынан мыйзамдар көп бузулган. Пакистандан келген 1500 миңдей адамды өлкөдөн чыгардык. Ал эми Бангладештен келген миңге чукул адам депортацияланды.

Ошол эле мезгилде өлкөбүздө мыйзамды бузуп жүргөн 5 миңге жакын адам бар. Мындан ары да мыйзамсыз жүргөндөрдү аныктап, маилекеттен чыгаруу боюнча иштер күчөтүлөт", - деди Ташиев.

УКМК төрагасы белгилегендей, 18-майга караган түнү топтолгон жарандарга карата чара көрүлгөн жок.

"Себеби биз алардын топтолгонунун мүнөзүн көрдүк. Жаман түзүлүшкө, жаман иштерге бара турган ойлору болбогонун байкадык. Бир гана талаптарды айтышты. Бирок арасында провокаторлор болгонун билебиз, аларды аныктадык. Аларды жоопко тартабыз.

Андан сырткары курал менен жүргөндөр да болду. Алар дагы кармалды, жоопко тартабыз. Эгерде кимдир бирөө провокацияга алдырылып, ок чыгарса, анын кесепети болмок", - деп белгиледи Ташиев.

Белгилесек, 17-майда чет элдиктер катышкан мушташтын видеосу тарап, сабалгандар Кыргызстандын жарандары экени айтылган. Кечке жуук бир нече адамдан турган топ мушташ болгон жакка барышкан. Чогулгандар саны өскөндүктөн, жерине күч органдарынын кызматкерлери тартылган. Чогулгандар таңга маал тарашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16177