13-жолдомо. Дзюдочу Эрлан Шеров да Олимпиадага жолдомо алды
RU

13-жолдомо. Дзюдочу Эрлан Шеров да Олимпиадага жолдомо алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров быйыл, Парижде өтө турчу Олимпиага жолдомо алды. Бул тууралуу спортчу Kaktus.kg редакциясына өзү маалымдады.

Ал 22-майда дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатында коло байге алган. Коло медаль Шеровго Олимпиадалык рейтингде 1000 упай берип, быйыл жайда Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга жолдомону кепилдеди.

Муну менен быйыл Парижде өтө турчу Олимпиадага Кыргызстандын атынан бара турчу спортчулардын саны 13кө жетти. Дзюдочунун жолдомосу менен 14 болмок, бирок жөө күлү Илья Тяпкиндин жолдомосу жокко чыгарылганын тиешелүү федерация маалымдаган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16218