Сокулук районунда зордуктоого шектүү адам кармалды
RU

Сокулук районунда зордуктоого шектүү адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-июнда Сокулук РИИБге Сокулук районунун Раздольное айылындагы зордуктоо фактысы боюнча маалымат түшкөн. Kaktus.Media редакция бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт Сокулук РИИБде катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1-июнда Сокулук районунун Раздольное айылындагы сейил бакта О. А. зордукталганы аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү Т.Ю. КР ЖПКнын 96-беренесинин талаптарына ылайык шекүүнүн изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16277