Кыргызстанда "Нелегал-2024" операциясы жүрүп жатат
RU

Кыргызстанда "Нелегал-2024" операциясы жүрүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте 2024-жылдын 3-июнунан 9-июнуна чейин өлкөдөгү мыйзамсыз миграция каналын аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган "Нелегал-2024" республикалык масштабдагы ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүп жатат.

"Нелегал 2024" операциясы ЖККУга мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөнүн жарандарынын мыйзамсыз миграциясына каршы жамааттык системаны калыптандыруу боюнча иш-аракеттер планынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Аталган операциянын алкагында, үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Бишкек шаарында УКМК тарабынан КР аймагында жүрүү мөөнөтү өтүп кеткен, ишкердиктин ар кандай чөйрөлөрүндө эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 16 чет өлкөлүк жаран аныкталды.

"Чет өлкөлүк тартип бузуучулар Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн, (анын ичинде аларды КРга чакырган адамдар жана уюмдарга карата) өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16303