Жоламан Шаршенбековдун Олимпиададагы атаандаштары белгилүү болду. Тизме
RU

Жоламан Шаршенбековдун Олимпиададагы атаандаштары белгилүү болду. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жоламан Шаршенбековтун (60 кг) Олимпиададагы атаандаштары белгилүү болду.

Тизме менен төмөндөн таанышып алыңыз:

  • Жоламан Шаршенбеков - Кыргызстан
  • Кеничиро Фумита - Япония
  • Виктор Чобану - Молдова
  • Цао Лиго - Кытай
  • Мехди Мохсеннеджад - Иран
  • Исломжон Бахромов - Өзбекстан
  • Райбер Родригес - Венесуэла
  • Кевин де Армас - Куба
  • Абделкарим Фергат - Алжир
  • Ахмед Мохаммед - Египед
  • Энес Башар - Түркия
  • Айдос Султангали - Казакстан
  • Ли Сеун - Корея
  • Садык Лалаев - Россия
  • Мурад Маммадов - Азербайжан
  • Георгий Тибилов - Сербия
  • Жамал Вализаде - Иран (качкын)

Жоламан Шаршенбеков 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусундагы Манас районуна караштуу Баласаруу айылында туулган.

Атасы Назарбек Рысалиев 1972-жылы туулган, жеке ишкер. Апасы Гүлнара Жуманалиева 1974-жылы туулган, №5 компьютердик гимназияда математика мугалими болуп эмгектенет. Жоламан - беш бир туугандын үчүнчүсү.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин аяктаган. Күрөштүн грек-рим түрү менен алектенет. Бою 161 сантиметр, салмагы 55 килограмм. Жеке машыктыруучусу - КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Хаким Махмудов.

Жоламан Шаршенбеков азыр 24 жашта. Ал Дүйнөнү эки жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж.). Ал ошондой эле Дүйнө чемпионатынын эки жолу күмүш байгесине ээ болгон (2018-ж., 2021-ж.). Азиянын үч жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж., 2024-ж.). Уландар жана жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын бир нече жолку байге ээси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16307