"Кабинетинде отуруп алып көрүшөт". Акбөкөн Таштанбеков чиновниктердин "сырын" ачты
RU

"Кабинетинде отуруп алып көрүшөт". Акбөкөн Таштанбеков чиновниктердин "сырын" ачты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков вебкам моделдерди көргөн аткаминерлерди жазалоону сунуштады. Бул тууралуу ал 6-июндагы парламент жыйынында айтты.

Депутат вебкам студиясын уюштургандар абакка кесилип, коррупционерлер айып пул менен жазаланып жатканын белгиледи.

"Тең салмактуулук болуш керек да. Кыздар ал жакка өз ыктыяры менен барышат. Бирок коррупционерлер айып менен кутулат, ал эми уюштуруучулар (вебкам студиялары) 15 жылга жазаланат. Балким, паракорлорду да 15 жылга камайбыз?", - деди ал.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев вебкам студияларда иштегендер абакка кесилбейт деп жооп берди. "Ал жерде иштеген кыздар жоопко тартылбайт, уюштуруучулар гана жоопко тартылат", - деди Аширходжаев.

Таштанбеков иш бөлмөлөрүндө вебкам моделдерди көргөндөр эркектерди жазалоо керектигин белгиледи.

"Ошолорду көргөндөргө эмнеге жаза жок? Жок дегенде аларды кызматтан албайлыбы. Кабинетте отуруп алып көргөн, колдонгондорду жумуштан алыш керек. Ошол кыздарды пайдалангандарды соттошубуз керек. Аларды ким көрөт?

Чиновниктер кабинетинде отуруп алып, буюртма берип, акча төлөп көрүп жатат да. Бул демек, каржылоо да туурабы?", - деди депутат.

Ички иштер министрлигинин жетекчисинин орун басары вебкам моделдерди парктика боюнча чет элдиктер көрөрүн, ал эми өлкөдө мындай көргөндөр болсо бул үчүн Кылмыш-жаза кодексине өзүнчө берене киргизүү керек деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16320