Өлкөдө айыпталуучуларга карата электрондук браслеттер колдонула баштады
RU

Өлкөдө айыпталуучуларга карата электрондук браслеттер колдонула баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө биринчи жолу айыпталуучулардын бөгөт чарасы электрондук көзөмөлгө өзгөртүлдү. Бул туурасында Пробация департаментинен маалымдашты.

Кабарлангандай, УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш иштери боюнча айыпталуучуга карата өтүнүчтөр берилген.

"Октябрь жана Биринчи Май райондук соттору СИЗОдо отурган айыпталуучулардын баш коргоо чарасын электрондук көзөмөлгө өзгөртүү, тагыраагы, электрондук билекриетрди тагуу жөнүндө токтомдорду кабыл алышты.

Пробация департаментинин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери соттун чечимдеринин негизинде айыпталуучуга электрондук билериктерди тагуу, колдонуу эрежелери боюнча жол-жоболору түшүндүрүлүп, браслетти бузуп же жок кылуу аракетинин кесепеттери боюнча көрсөтмөлөр беришти", - дешет ведомстводон.

Электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү алдын алуу чарасы өзгөчө оор, ошондой эле зомбулук колдонуу менен оор кылмыштар үчүн айыпталган адамдарга карата колдонулбайт.

Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти Бишкек жана Ош шаарларында жазаны аткаруунун же шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуунун (пробация) алкагында "Электрондук көзөмөл" системасын пилоттук түрдө ишке ашырууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16323