Баткенде 2 жашар кыз аёосуз сабалды деген окуянын чоо-жайы
RU

Баткенде 2 жашар кыз аёосуз сабалды деген окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 2 жаштагы кыз катуу токмоктолуп, эс-учун жоготкон кызды эки күндөн кийин гана ооруканага жеткирген деген билдирүү тараган. Облустук ички иштер башкармалыгынан бул маалымат текшерилип, окуянын жагдайлары кандай болгонун айтып беришти.

7-июнда саат 09:19 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнүн дарыгери милицияга телефон аркылуу кабар берген. Анда Баткен районунун Жаңы-Жер айылынан 2022-жылы туулган А.М. эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдирген.

Бул маалымат Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Текшерүү учурунда 2 жаштагы кыз төрөлгөндө эле церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен төрөлгөнү, ал баса албагандыгы белгилүү болгон. Апасы 32 жаштагы А. кызы А. ушул жылдын май айында Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургунуна турмушка чыгып, чогуу жашап жатканы такталган. Алар 2 жашар кызды ордунан тургузуп, бастырууга бир нече ирет аракет кылышып, бирок кыз баса албай жерге кулай берген. 2024-жылдын 7-июнунда кызды өгөй атасы бастырууга аракет кылып жаткан учурда кыз тилин тиштеп, эс-учун жоготуп койгону маалым болду", - дешет милициядан.

2 жаштагы кыздын денесиндеги жаракаттардын даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Ал эми кыздын апасы менен атасы бул боюнча милицияга арыз менен кайрылган эмес.

Мындан сырткары кичинекей бейтапты кабыл алган дарыгерлер жана күбөлөр суралып, кыз жерге кулап башынан ар кандай жаракаттарды алып, ошондон улам талмасы (эпилепсия) кармап, ооруканага жеткирилгендиги, ага карата зордук-зомбулук аракеттери же уруп сабоолор болбогондугу аныкталган.

Учурда 2 жаштагы кыздын денесиндеги жаракаттары боюнча ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Милициядан жубайлар убактылуу эч жерде иштебей турганын кошумчалашты.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16349