Баткенде 2 жашар кызды сабаганга шектелип өгөй атасы кармалды
RU

Баткенде 2 жашар кызды сабаганга шектелип өгөй атасы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 2 жашар кыз эс-учун билбеген абалда ооруканага түшкөнү боюнча жаңы жагдайлар аныкталып, өгөй атасы кармалды. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Белгилесек, 7-июнда Баткен облустук биргелешкен ооруканасына эки жаштагы кыз денесинен жаракат алып, эс-учун билбеген абалда сыныктар бөлүмүнө түшкөн.

Бул факты ошол эле күнү маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталып, текшерүү иштери башталган.

Окуя боюнча Баткен ОИИБи ыкчам тергөө тобун түзгөн. Кийинчерээк кыздын таенеси арыз менен кайрылып, 138-беренесинде (Уруп-сабап кыйноо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар болгондуктан кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө, Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т. (өгөй атасы) шектүү катары суракка алынып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16350