Жакында номерлери чет өлкөлүк унаалардын баары текшерилет
RU

Жакында номерлери чет өлкөлүк унаалардын баары текшерилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы учурларда Кыргызстандын аймагына Армения, Абхазия, Россия өңдүү чет өлкөлөрдөн унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп кирип, (кыймылдаткычы башка, дөңгөлөктөрү, кузовдору жана башка тетиктери) бул жактан кайра даяр унаа болуп куралып, сатыкка чыккан учурлар аныкталды. Мындай фактыларга жол бербөө максатында эми номери чет өлкөлүк унаалар текшерилет дешет Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.

Башкармалыктын билдирүүсү боюнча, унаалар чек арадан, бажыдан каттоодон өтпөй, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турган.

Мындай фактыларга жол бербөө жана Кыргызстандагы чет өлкөлүк номурлуу унааларды тартипке, иретке келтирүү максатында жакында рейд башталат. Текшерүүнү Чек ара кызматы, Бажы кызматы, Салык кызматы жана "Унаа" мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды чет өлкөлүк номери бар унааларды сатып алууда сак болууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16364