Оштогу дарыканаларда аткезчилик менен ташылган дарылар сатылып жатканы аныкталды
RU

Оштогу дарыканаларда аткезчилик менен ташылган дарылар сатылып жатканы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусу жана Ош шаарынын аймагында контрабандалык жол менен алынып келинген дары-дармектерди сатуу каналы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Комитеттин маалыматында Ош шаарынын тургуну С.Н.Н. Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинин кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп алып, аткезчилик менен ташылган каражаттарды облус аймагында сатканы аныкталганы айтылат.

"С.Н.Нематов аттуу жаран жүк ташуучу компаниялардын кызматы аркылуу бир тууган агасы А.С.Н`нын атына катталган "Фарм Юг" ЖЧКсына дары-дармектерге буюртма берген. УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы, Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинин борбордук аппараты тарабынан "Фарм ЮГ" ЖЧКсынын ишмердигин текшерүү, ошондой эле салыктык текшерүү дайындалган", - дешет комитеттен.

Тергөө тапшырмасынын негизинде "Фарм Юг" ЖЧКсынын кампасында жана 8 дарыкана пункттарында текшерүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасына контрабандалык жол менен алынып келинген 150 аталыштагы медициналык каражаттардын үлгүсү аныкталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16426