Экстремисттик уюмдун айрым мүчөлөрү камакка алынып, айрымдары агымдан баш тартты
RU

Экстремисттик уюмдун айрым мүчөлөрү камакка алынып, айрымдары агымдан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Баткен жана Кызыл-Кыя шаарында, Баткен жана Кадамжай райондорунда "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында 9 адам кармалды деп билдиришти коопсуздук комитеттен.

Маалым болгондой, 1983-жылы туулган И.З.А. аттуу экстремисттик топтун лидери жана "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын 9 мүчөсү кармалды.

Кадамжай райондук сотунун чечими менен И.З.А. жана анын жакын өнөктөшү И.И.К. күнөөлүү деп табылып, өкүм чыгарылды. Ал эми "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын калган мүчөлөрүнө карата кылмыш иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары Баткен облусу боюнча "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн активдүүлүгүн азайтуу максатында (Баткен, Кызыл-Кыя шаарларында, Баткен жана Кадамжай райондорунда) аталган кыймылдын 12 мүчөсүнө УКМК тарабынан расмий эскертүүлөр берилип, жыйынтыгында алар тыюу салынган уюмга мүчө болуудан ыктыярдуу түрдө баш тартышты.

УКМК ар кандай радикалдык-экстремисттик уюмдардын жактоочуларынын кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле алардын катарына жаңы өкүлдөрдүн тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16428