Садыр Жапаров өлкөдө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 30 миңге кыскарганын айтты
RU

Садыр Жапаров өлкөдө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 30 миңге кыскарганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкөдө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны кыскара баштаганын айтты. Бул туурасында президент "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты.

Журналист калктын аялуу катмарын азайтуу багытында кандай иштер аткарылып жатканына кызыкты.

"Бизде жакыр жашаган үй-бүлөлөр көп. Мен бийлик башына келген убакта 111 миң үй-бүлө жакыр жашайт эле.

Мамлекеттен жөлөк пул жардам берилип турган экен. Азыр алардын саны кыскарып, 81 миң үй-бүлө калды. Кудай буюрса, алдыда келе жаткан 5-10 жылда баарын жоёбуз деген планыбыз бар.

Былтыр 10 миң үй-бүлөгө жүз миң сомдон жардам берилсе, быйыл 2024-жылдын аягына чейин 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон жардам беребиз. Ушинтип жылда улантып жүрүп олтуруп, Кыргызстанда жакыр үй-бүлө деген түшүнүктү жок кылабыз", - деди Садыр Жапаров.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16435