Бишкекте эскалаторго буту кыпчылып калган 3 жашар кызга операция жасалды
RU

Бишкекте эскалаторго буту кыпчылып калган 3 жашар кызга операция жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы "Караван" соода борборунда эскалаторго буту кыпчылып калган 3 жашар кызга операция жасалды. Маалыматты Kaktus.kg сайтына №3 шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынан ырасташты.

Белгилүү болгондой, кыздын буту сынган.

"Бейтап бизге "Тез жардам" кызматы аркылуу түшкөн. Анын кан тамырлары, булчуңдары жана тарамыштары да жабыркаган. Мындан улам кызга чукул түрдө операция жасоого туура келди. Бүгүн, 24-июнда бейтап реанимациядан палатага которулду. Учурда абалы туруктуу, тиешелүү дарылануудан өтүп жатат", - дейт оорукананын башкы дарыгери.

Белгилесек, окуя 23-июнда болгон. ӨКМнын маалыматына караганда, 3жашар кыздын буту эскалаторго кыпчылып калган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен кыздын бутун чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16440