Боорду алмаштыруу опеарциясы: Донор болгон жаран үйүнө чыгарылды
RU

Боорду алмаштыруу опеарциясы: Донор болгон жаран үйүнө чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда боорду трансплантациялоо операциясынан кийин биринчи донор ооруканадан чыкты. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Белгиленгендей, боору трансплантацияланган бейтаптарды күнүмдүк эртең менен жана кечки текшерүүлөр, анын ичинде гемодинамикалык жана биохимиялык анализдер, ошондой эле УЗИ жана компьютердик томографиялык изилдөөлөр жакшы жыйынтыктарды көрсөттү.

"Донорлордун жана реципиенттердин боорлору ийгиликтүү иштеп жатат: реципиенттердин биринде трансплантацияланган боор 450-500 граммдан 800 граммга, экинчисинде 1 килограммга чейин өскөн, бул операциялардын оң натыйжасын көрсөтүп турат", - дешет министрликтен.

Саламаттыкты сактоо министри донордун ооруканадан чыгарылышын жасалган операциялардын натыйжалуулугун жана коопсуздугун тастыктайт дейт.

"Боорунун жарымын берген донорлор калыбына келтирүү мезгилинен ийгиликтүү өтүп, алардын тамырлары жана анастомоздору кадимкисиндей иштөөдө. Белгилей кетсек, бир бейтапка боорду алмаштыруунун баасы операцияга чейинки текшерүүлөрдү, операциянын өзүн жана андан кийинки реабилитациялык мезгилди кошкондо 50 миң долларды түзөт. Бул олуттуу чыгымдар Президенттик фонддун эсебинен жабылып, чет өлкөдө дарыланууга мүмкүнчүлүгү жокторго операция жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди министр.

Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жапа чексе, анын жарымы трансплантацияга муктаж. Бүгүнкү күндө бейтаптарга шайкеш донорлорду издөө улантылууда. Мыйзам боюнча программага туугандык донорлор гана катыша алат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен кошумчалашкандай, боор алмаштыруу операциясынын кийинки этабын июль айында өткөрүү болжолдонууда. 15 адамдын ичинен төрт реципиенттин шайкеш донорлору бар, алар учурда операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16452