"Кызым зордукталып жатса тергөөчү арызды албай койду" дейт өспүрүмдүн атасы
RU

"Кызым зордукталып жатса тергөөчү арызды албай койду" дейт өспүрүмдүн атасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан кыз Ош облусунан табылды. Кыздын ата-энеси редакцияга кайрылып, тергөөчү көрсөтмө алуудан, ишти териштирүүдөн баш тартты деп нааразы болду.

Маалым болгондой, өспүрүм кыз 17-июнда Бишкектин Келечек конушундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ата-энеси Свердлов РИИБине арыз менен кайрылып, кызын табууга жардым сураган.

"Кызыбыз үйдөн чыгып кеткенден кийин милицияга кайрылдык. Өзүбүз дагы телефон чалып, СМС жаздык, бирок жооп берген жок. 4 күндөн кийин кызымдын телефону өчүк болуп калды. Биз өзүбүз мобилдик оператордон кызымдын телефон номерине түшкөн акыркы чалуулардын тизмесин алдык. Анда Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөөчүсүнө таандык номерден 2 жолу чалуу болгон. Бир жолу 2 мүнөт, бир жолкусунда 7 мүнөттөй сүйлөшүү болуптур. Дагы бир белгисиз номерден чалуу болгон. Ал номерди да тешерсек орган кызматкерине таандык деп чыгып жатат.

Кызымдын үйдөн чыгып кеткени биринчи окуя эмес. Буга чейин да кызым үйдөн чыгып кетип, издеп тапчубуз. Акыркы жолу 20 күн дайынсыз болгон, анда Ош шаарынан табылган. Себебин айткан эмес ", - дейт кыздын атасы.

Бул ирет да өспүрүм Оштон табылды. Ата-энеси кызы кордолгонун, тергөөчү бул ишти кароодон баш тартып жатканына нааразы болуп, күмөндүү ойлору бар экенин билдирди.

"Кызым дээрлик 10 күндөн кийин табылып, Бишкекке алып келдик. Кызымдын айтымында, Оштогу тергөөчүнүн таанышы аны кордоптур. Бизге ыйлап ушуну эле айтып берди. Свердлов РИИБине барып, кызым жоголгон учурда ушундай окуя болуптур, тергеп бергиле десек тергөөчү "албайм, карабайм" деп койду. Биз менен кошо кызым дагы милиция бөлүмүнө барган, ал көрсөтмө берейин десе албай койду. Кызымды айрым орган кызматкерлери эле коркутуп, салып берип жатат деп ойлойбуз", - деп жардам сурады кыздын атасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16460