Бишкекте кафелердин бирине барган кыз манжасынан ажырады. Абалы айтылды
RU

Бишкекте кафелердин бирине барган кыз манжасынан ажырады. Абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги кафелердин бирине барган кыз манжасынан ажырады. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-июнда саат 17:00 чамасында "Инжир" кафесинин ашканасында 17 жаштагы кыз колун электр эт туурагычка кесип, оор жаракат алган. Такталгандай, жабырлануучу кафеде иштебейт, ал ашпозчу болуп иштеген курбусуна жолугууга барган.

"Кыз курбусуна жардам берүүнү чечип, этти электр туурагычтан өткөрүп баштаганда кокустан колун салып алган. Алган жаракатынан улам ал Улуттук госпиталга жаткырылып, дарыгерлер анын колуна операция жасашты", - дейт маалымат булагы.

Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлигинен бейтаптын абалы боюнча маалымат беришти. Белгилегендей, кыздын төрт манжасын ампутациялоого туура келген, анын экөө толук эмес. Дарыгерлер бешинчи манжасын тигип, сактап калышты. Бейтап аябай көп кан жоготкон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: armyinform.com.ua.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16466