Президент бардык мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо тапшырмасын берди
RU

Президент бардык мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо тапшырмасын берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү орто мектептердин бардык мугалимдерин ноутбук менен камсыздоо тапшырмасын берди. Өлкө башчы бул туурасында билим берүүнү санариптештирүү маселеси талкууланган кеңешмеде айтты дешет президенттин администрациясынан.

Садыр Жапаров бардык нерсе тез өнүгүп жаткан учурда артта калбоо маанилүү экенин белгиледи.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева акыркы 3 айдын ичинде мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо боюнча жасалган иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.

Догдуркүл Кендирбаева ноутбуктар мугалимдерди алдыңкы санариптик технологиялар менен камсыздоо, алардын квалификациясын жогорулатуу жана баарына бирдей шарт түзүү үчүн берилип жатканын кошумчалады. Ноутбуктардын жардамы менен окутуучулар ар кандай санариптик билим берүү ресурстарын (электрондук китептер, 3D-схемалар, слайддар, лекциялар, видеосабактар, лабораториялык тренажерлор ж.б.) кызыктуу жана актуалдуу сабактарды даярдоо үчүн колдонушат. Мугалимдер кесиптик өнүгүүсү үчүн онлайн курстарга жана вебинарларга катыша алышат.

Министр биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбуктар менен камсыздаларын белгиледи. Бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%ы, 2025-окуу жылында 100%ы ноутбук менен камсыздалат.

"Маалыматты уккандан кийин Садыр Жапаров жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерин ноутбук менен камсыз кылуу тапшырмасын берип, технологиялардын доорунда кагаз менен карандаштан баш тартуу мезгили келип жеткенин баса белгиледи. Аларды чогултуу боюнча "Кыргызиндустрия" мекемеси менен келишим түзүлдү. Мамлекет башчысы бул кадам билим берүү процессин бир топ жеңилдетип, окутуунун жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатарын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Сөзүнүн аягында президент билим берүү жана илим министрине ноутбуктардын техникалык талаптарга жооп беришин, сапатын жана баасын көзөмөлгө алууну тапшырды

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16509