Мектептерде телефон колдонууга чектөө киргизген мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды
RU

Мектептерде телефон колдонууга чектөө киргизген мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 24-июнда мектептерде уюлдук телефондорду колдонууну жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Демилгечилердин бири Нурланбек Азыгалиевдин айтымында, бул долбоор билим берүүдө тынч жана коопсуз окуу чөйрөсүн камсыз кылууга багытталган.

"Долбоор окуучуларга мобилдик аппараттарды колдонууда сергек адаттарды калыптандырууга жана сабакта убактысын эффективдүү башкарууга жардам берүү максатында иштелип чыккан. Мектеп администрациясы билим берүү мекемесинин аймагында уюлдук телефондорду колдонуунун ички эрежелерин иштеп чыгышы керек. Эрежелер так, түшүнүктүү болушу зарыл. Ошондой эле телефон колдонуунун убактысын, ордун жана маданиятын аныкташы керек", - деп белгиледи депутат.

Эл өкүлү кошумчалагандай, мектеп жетекчилиги мобилдик аппараттарды сактоо үчүн атайын жерлерди бөлүп бериши керек.

Мыйзам долбоору мектептердеги киберкуугунтукка каршы күрөштү камтыйт. Окуучулар, алардын ата-энелери, мугалимдер киберкуугунтук же жол берилгис мазмундагы контенттерди таратуу фактылары аныкталса, жалпы билим берүү уюмунун жетекчилигине арыз менен кайрылууга укуктуу. Арызды атайын комиссия карайт.

Комитет мүчөлөрү долбоордун концепциясын жактырышып, өз сунуштарын экинчи окууга чыгара тургандыктарын белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16441