Аксыда милиция бөлүмүнүн башчысы менен эсепчиси акча ыйгарып алганга шектелди
1626
Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана эсепчиси кармалды. УКМКдан билдиришкендей, кызматкерлер системалуу түрдө акча каражатын ыйгарып алышкан.
Тема боюнча:
Ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Аксы РИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныкталган.
slide 3 of 2
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2-июлда кезектеги 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын чыгарып алуу жана ыйгарып алуу аракети учурунда Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги А.А. А. жана эсепчиси Д.Т. кармалды.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/16543