УКМК: Телеканалдын журналисттери пара талап кылган деп кармалды
УКМК тарабынан телеканалдын журналисттери кармалды. Комитеттин маалыматында жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү өздөрүнүн кесиптик ишмердигинен пайдаланып, жарандардын аброюна шек келтирүүчү мүнөздөгү видеоматериалдарды жарыялайбыз деп коркутуп, системалуу түрдө пара талап кылган деп айтылат.
Учурда Милициянын кайгуул күзөт башкармалыгы менен биргеликте жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан жолдордогу мыйзам бузууларды каттоого багытталган рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында телеканалдардын биринин кызматкерлери Ж.Н.А. жана И.T.M. шантаж жана коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерден анын катышуусундагы видеоматериалдарды алып салуу үчүн акча талап кылышкан. Ошол эле учурда алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу көрсөтүү үчүн, милдеттеме жазууга мажбурлашып, унаасын күрөөгө мыйзамсыз ээлеп алышкан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 9-июлда аталган адамдар 2000 миң доллар акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дешет комитеттен.
УКМК массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан акча каражатын опузалоо боюнча мыйзамсыз схемаларды түзүү жолу менен өлкөнүн мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет. Ал эми мындай фактылардан жабыркаган жарандар болсо 0-312-62-05-85 телефон номерине кайрылууга чакырат.