Караколдо авариялык абалдагы аттракциондун үстүнө чыккан жигит кечирим сурады. Видео
RU

Караколдо авариялык абалдагы аттракциондун үстүнө чыккан жигит кечирим сурады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол шаарында 15 жаштагы бала авариялык абалдагы айланма дөңгөлөктүн кабинасынын үстүнө чыгып, видео тарткан. Ысык-Көл ОИИБден жигит опурталдуу жорукту хайп үчүн жасаган деп билдирет.

Анын видеосу социалдык тармакка тез тарап, көптөгөн көрүүлөрдү топтогон. Бирок өспүрүмдүн аракеттери көңүл сыртында калган эмес. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору өспүрүмдү аныктап, расмий өкүлү менен профилактикалык алдын алуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өспүрүм бул аракетин түшүндүрүп жатып, жөн гана кызык болгонун, эми гана жасаган жоругунун кооптуулугун түшүнгөнүн айтып, мындан ары кайталанбай турганын билдирди.

"Мен жалгыз болчумун, мени эч ким аттракциондун үстүнө чыгууга мажбурлаган эмес. Болгону айланма дөңгөлөктүн үстүнө чыга аламбы деп кызыккам. Менин аракетимди башкалар кайталаганын каалабайм. Бул өтө кооптуу. Мен аттракциондун үстүнө чыкканым үчүн кечирим сурайм", - деди өспүрүм.

Милиция жаштарды виртуалдык популярдуулукка жетүүдөн алыс болууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16629