Президент "Каракол" аэропортунун курулушунан кабар алды
RU

Президент "Каракол" аэропортунун курулушунан кабар алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барып, бир катар объекттерге барды. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, өлкө башчы "Каракол" эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесинин жана жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен да таанышты.

Аэропорттун жалпы аянты болжол менен 8 миң чарчы метрди түзөт. Саатына 250 жүргүнчүнү өткөрө ала турган аэробекеттик комплекстин курулушу жакынкы арада аяктай турганы маалымдалды.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев объекттин курулушу быйыл күзүндө бүткөрүлүп, пайдаланууга берилерин билдирди.

Садыр Жапаров аэробекеттин ички имараттарын көрүп чыгып, аэропорттун курулушунун сапатын эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына шайкеш келтирүүнү көзөмөлгө алууну иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге тапшырды.

Долбоорго ылайык, жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу пландалууда. Бул өзгөртүү эки моторлуу, орто аралыктагы кууш фюзеляждуу жүргүнчүлөрдү ташуучу, кыска жана орто аралыкка учуучу учактарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16636