Айбек Джунушалиев троллейбустарды жоюу себебин түшүндүрдү
RU

Айбек Джунушалиев троллейбустарды жоюу себебин түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мэрия Бишкектеги троллейбус каттамдарын жоюуну чечти, бирок шаардыктар бул чечимге каршы. Аталган маселе боюнча нааразычылыктарга мэр Айбек Джунушалиев комментарий берди.

Ал "Ала-Тоо 24" каналына троллейбус линиялары борбордун көркүн бузуп жатканын айтты. Ошондой эле транспорттун бул түрү ыкчам эмес жана борбор калаадагы жол тыгындарын жоюуну кыйындатарын белгииледи.

"Коомчулукта көптөгөн сын-пикирлер айтылды. Бирок мага түшүнүксүз болуп жатат. Мисалы бир эле маселени айта турган болсом, 2023-жылы 5 айдын ичинде троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн агымы 11 млн 700 миңден ашса, быйылкы жылдын 5 айында болгону 8 млн эле болуп жатат. Жүргүнчүлөрдүн саны азаюуда. Жол тыгын болгондо аргасыздан көптөгөн маршруттарды өзгөртөбүз. Ошондо троллейбустун кыймыл схемасын өзгөртүү кыйын болуп калууда", - дейт мэр.

Джунушалиев шаардыктар коомдук транспорттун тартыштыгын сезбей турганын, анткени мэрия 115 троллейбустун ордуна 120 электробус алууну пландап жатканын кошумчалады.

"Электробустарды алып келүү боюнча тендер өткөрүлүп, жеңүүчү аныкталды. Бул жылы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каражат бөлүнүп, шаарга 120 электроавтобус алынат. Жаңы автобустар үчүн станция курулат. Тиешелүү иштер жыл аягына чейин бүтөт", - деп белгиледи калаа башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16658