Инспектор көчөдөн заара ушатууга мажбурлган айдоочу эсиңердеби? Ошол киши соттон утту
RU

Инспектор көчөдөн заара ушатууга мажбурлган айдоочу эсиңердеби? Ошол киши соттон утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көчөдөн заара ушатууга мажбурлаган автоинсектор менен соттошкон айдоочу сот ишин утуп алды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына "Юристтер адам укуктары үчүн" мекемеси билдирди.

14-майда, Ысык-Көл райондук сотунда С.Ж.ге карата 17,5 миң сом айып пул салуу боюнча сот иши каралды. Уюм тараптан тартылып келген адвокат Назира Байдалиева Ысык-Көл районунун жол кайгуул кызматынын кызматкери тарабынан бардык процедуралар мыйзам бузуу менен жүргөнүн далилдеп, ишти утуп алды.

Судья Ысык-Көл районунун жол кайгуул кызматынын С.Жга карата айып пул өндүрүү токтомун жокко чыгарып, иш өндүрүшү токтотулду.

Күбөлөндүрүү учурунда инспектор менен фельдшер 2011-жылдагы жобого таянып иш кылган. Бирок адвокат ал жобо эчак күчүн жоготкондугуна жана протокол түзүү процедурасы бузулганына көңүл бурду.

"Башкысы С.Жда баңги затынан мас болуу белгилери болгон эмес жана инспекторлор анын абалын "жайдары" деп мүнөздөмө беришкен. Учурда С.Ж. тараптан кандайдыр бир мыйзам бузуу болгондугун далилдеген бир да факт жок", - деп "Юристтер адам укуктары үчүн" коомунан айтып беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1665