Кыргызстан АКШнын колдоосу менен Сириядан аялдарды, балдарды өлкөгө кайтарды
RU

Кыргызстан АКШнын колдоосу менен Сириядан аялдарды, балдарды өлкөгө кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагеринде жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча кезектеги "Айкөл-6" гуманитардык миссиясы ишке ашырылды. Бул тууралуу 19-июлда Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

"Айкөл-6" гуманитардык миссиясынын натыйжада Кыргыз Республикасынын 22 жараны (8 аял жана 14 жашы жете элек балдар) мекенине алынып келинди дешет ведомстводон.

Гуманитардык миссия Кыргызстандын президенти жана Министрлер кабинетинин Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине тез арада репатриациялоо боюнча койгон милдеттерине ылайык ишке ашырылды жана Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн түздөн-түз колдоосу менен уюштурулду.

"Аталган миссиянын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушууларды өткөрүү жана идентификациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн "Аль-Хол" лагерин зыярат кылды", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз тарап Сириядагы атайын лагерлердеги Кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча атайын операцияны өткөрүүдө көрсөтүлгөн ар тараптуу жардам жана бул гуманитардык процесске логистикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн америкалык тарапка, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана башка эл аралык өнөктөштөргө өзгөчө ыраазычылык билдирет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Getty Images.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16702