Ош мэриясы борбордук базар жаңысы курулганга чейин иштей турганын билдирди
RU

Ош мэриясы борбордук базар жаңысы курулганга чейин иштей турганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы борбордук базар бүгүнкү күндө ачык, соода кылууга тоскоолдук жок. Мындай бидирүүнү Ош шаарынын мэринин орун басары Марс Исаев жасады.

Белгилесек, 21-июлда борбордук базардын соодагерлеринин бир бөлүгү митингге чыгышты. Алар буга чейин сел каптап кеткен объектини көчүрүү мөөнөтүн узартуу талабын коюшкан.

"Учурда борбордук базар ачык. Соода кылууга тоскоолдук жок. Базардын ичиндеги соода түйүндөрүнө кирген селдин кесепетинен пайда болгон таштандылар, ылайлар тазаланып берилген. Бүгүнкү күндө селдин нугун буруп, ашып кетүүсүнө негиз болгон базардын тегерегиндеги мыйзамсыз курулган көпүрөлөр, бетон тосмолор гана бузулуп, алынууда.

Мэрия адам өмүрүнө жана коопсуздугуна жоопкер катары кырсыктын алдын алууга милдеттүү.

Ал эми жаңы базар эки ай аралыгында толук курулуп бүтүп, борбордук базар жаңы муниципалдык базарга чыгарылат. Андыктан жаңы муниципалдык базар бүткөнгө чейин соода жүргүзө берсе болот", - деди мэрдин орун басары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16721