Көлдө эс алуучуну сүзүп кеткен катердин айдоочусу үй камагына чыкты
RU

Көлдө эс алуучуну сүзүп кеткен катердин айдоочусу үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө эс алуучуну сүзүп кеткен катердин айдоочусу сот тарабынан үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу редакцияга Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Белгилесек, 15-июлда Ысык-Көл РИИБине райондук ооруканадан маалымат түшкөн. Анда 1982-жылы туулган К.Б. аттуу казак жараны, Балыкчы шаарынын жашоочусу Кара-Ой айылындагы пляждардын биринде эс алып жатканда, катер сүзүп, оор жаракат алган. Натыйжада ал каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси ("Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү") жана 311-беренеси ("Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми катердин айдоочусу 2006-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы К.Б. катердин айдоочусуна карата тосмо арыз жазган. Буга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тергөө судьясы шектүүнү үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган. Бирок тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16733