Ысык-Көлдө катер сүзүп кеткен киши каза болду
RU

Ысык-Көлдө катер сүзүп кеткен киши каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө катер казакстандык жаранды сүзүп кетти. Жабырлануучу ооруканада каза болгонун редакцияга облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-июлда Ысык-Көл РИИБине райондук ооруканадан маалымат түшкөн. Анда эс-учун жоготкон абалда бейтап жеткирилгени кабарланган.

Такталгандай, 1982-жылы туулган К.Б. Балыкчы шаарында жашап жаткан Казакстандын жараны болгон. Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринин пляжында катер сүзүп, анын кесепетинен оор жаракат алган.

16-июлда жабырлануучу алган жаракатынан улам райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө катердин ээси Ысык-Көл облусунун 1992-жылы туулган М.Б. аттуу тургуну экени такталды. Ал эми катерди 2006-жылы туулган жергиликтүү тургун башкарганы аныкталды.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси ("Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү") жана 311-беренеси ("Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш иштери козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16691