Кыргызстан өз бренди менен уюлдук телефондорду чыгарууну пландоодо
RU

Кыргызстан өз бренди менен уюлдук телефондорду чыгарууну пландоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындан эки жыл мурун Кыргызстанда "Кыргызиндустрия" холдинги түзүлүп, өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүнгөн. Түзүмдүн өзү да, анын жетекчиси Жарасул Абдураимов да натыйжасыз иштегени үчүн бир нече жолу сынга алынган. Бирок ал өзү иш план боюнча жүрүп жатат деп эсептейт.

Жарасул Абдураимов Kaktus.media сайтына берген маегинде холдингдин туунду компаниясы өз уюлдук телефондорун чыгаруу жана бүтүндөй бир айыл куруу пландары тууралуу айтып, анын дарегине айтылган сын-пикирлерге эмне үчүн жооп бербегенин түшүндүрдү.

Смартфондорду ата мекендик адистер чогултат. Көпчүлүк тетиктер чет өлкөдөн алып келинип, телефондун корпустары өлкөдө жасалат. Бул үчүн жабдуулар сатып алынган.

Meken смартфондору чет өлкөнүкүнө караганда 10-15 пайызга арзан болот. Сметалык баасы – 11 миң сом. Абдураимов сапаты мыкты болорун убада кылууда.

"Кыргызиндустрия" келерки жылы турмуш-тиричилик техникаларын да чыгарууну пландап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16556