Кыргызстанда жай мезгили башталгандан бери 54 адам сууга чөккөн
RU

Кыргызстанда жай мезгили башталгандан бери 54 адам сууга чөккөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жай мезгили башталгандан бери Кыргызстанда 54 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Айтымында, сууга түшүү мезгилинин башталышы менен адам өмүрлөрү кыйылган фактылар катталууда.

"Сууга чөккөн 54 жарандын 21и жаш балдар. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27%га аз. Мындай төмөн көрсөткүчтүн себептери ар кандай. Негизгилеринин бири - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жана куткаруучулардын дайыма көзөмөлдө турганы деп ойлоп жатабыз", - деди ал.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pixabay.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16771