Кыргызстанда 1 мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Статистика
RU

Кыргызстанда 1 мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Статистика

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленүүдө. Мугалимдерге сый-урмат жана ыраазычылык билдирүүнүн символу болгон майрам туптуура 30 жыл мурда - 1994-жылы негизделген.

2014-жылы Өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган. Бул күнгө карата Улуттук статистикалык комитети билим берүү тармагы жана кызматкерлери тууралуу кызыктуу сандар менен бөлүштү.

  • 2023-жылы республиканын иш менен камсыз болгон калкынын жалпы санынын 10 пайызга жакыны билим берүү чөйрөсүндө эмгектенген.
  • Азыркы убакта Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 5 миңге жакын уюмдар иштейт. Аларда 118 миңге жакын педагогдор 2 млндон ашык тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана окутууну камсыз кылат.
  • Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет. Алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт.
  • 2023/2024-окуу жылынын башына карата республикада 2377 күндүзгү жалпы орто билим берүүчү уюмдар иштеген.
  • Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдер пайыз менен алганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 86 пайызын аялдар түзөт, алардын 5 пайызы директордун жана директордун орун басары кызматын ээлешет.
  • Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Мисалы, 2023/2024-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санынын 87 пайызга жакыны жогорку билимдүү.
  • Мектептерде бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Мында шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүгү кыйла айырмаланат. Эгерде, шаарлардын мектептеринде бир мугалимге орточо 19 окуучу туура келсе, ал эми айыл мектептеринде 14 окуучу туура келет.
  • Республиканын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ар бир бешинчи студенти педагог кесибин тандаган.
  • 2023/2024-окуу жылында республиканын жогорку кесиптик билим берүү уюмунун бардык уюмдары тарабынан 7 миңден ашуун келечектеги педагогикалык кызматкерлер бүтүп чыгышты.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17581