Башкы прокуратура мөңгүлөрдүн талкаланганын аныктап, кылмыш ишин козгоду
RU

Башкы прокуратура мөңгүлөрдүн талкаланганын аныктап, кылмыш ишин козгоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жыйында "Кыргыз көмүрдүн" инвесторлору мөңгүнү талкалап салганын билдирип, экологияны бузгандарга чара көрүүнү талап кылган. Депутаттын билдирүүсүнөн кийин Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.

Башка көзөмөл органдан кабарлашкандай, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзам бузуу аныкталган.

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Түштүк" филиалынын кызмат адамдары мыйзам талаптарын бузуу менен көмүр кенин каза турган жерге барууга жол куруу үчүн уруксат берүүчү документтери жок туруп, кызмат абалынан пайдаланып, "С" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып Ош токой чарбасынын Загара-2 участкасында узундугу 6100 метр, туурасы 9 метр (29 400 м2) болгон жолду мыйзамсыз курган. Анын натыйжасында 9392 метер куб аянттагы мөңгүлөр талкаланып, жер кыртышы бузулгандыгы аныкталган", - деп айтылат.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында экологиялык коопсуздук талаптары бузулуп, аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 298-беренеси (Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратурадан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү тергөөнүн алкагында дайындалган тийиштүү экспертизалардын жыйынтыгына ылайык аныкталарын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17641