Шаардык прокуратуранын пара талап кылганга шектелген кызматкерлери камакка алынды
RU

Шаардык прокуратуранын пара талап кылганга шектелген кызматкерлери камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук соту пара талап кылган деген шек менен кармалган шаардык прокуратуранын кызматкерлерине карата баш коргоо чарасын тандады.

Райондук соттун маалыматына караганда, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Э. Ы. уулу жана А. Джны 14-декабрга чейин камакка алууну суранган. Соттун чечими менен арыз канааттандырылды.

Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиргендей, камакка алынгандар Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Эдилбек Ыдырыс уулу жана Башкы көзөмөл башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдырашид Жаманкеев.

Буга чейин Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан "Тазалык" муниципалдык ишканасына текшерүү жүргүзүлүп, айрым кызматкерлер 134,2 тонна жалпы суммасы 7 млн 179 миң 498 сомдук күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз берүү менен бюджеттик каражатты коротуп жибергени аныкталган.

18-октябрда УКМК тарабынан Бишкек шаарынын прокуратурасында тинтүү жүргүзүлүп, көзөмөл органынын эки кызматкери кармалган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17749