Ошто таксисттин сөөгү талаадан табылган. Шектүү кармалды
RU

Ошто таксисттин сөөгү талаадан табылган. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто такси айдоочусунун өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу күбөлөр Kaktus.media сайтына билдиришти.

Алардын айтымында, 11-майда шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүүнү Оштун борборунан кармашкан.

Шектүү жаран таксист менен шаардан сырткары чыгып, аны таш менен сабап өлтүргөн деп айтылууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы такси айдоочусу киши колдуу болгонун тастыктап, окуянын чоо-жайын айтып берди.

2026-жылдын 9-майында саат 19:20 чамасында Ош шаарынын Алымбек Датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Jazz үлгүсүндөгү унаа турак үйдүн тосмосун сүзүп алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөнү. Айдоочу окуя болгон жерден табылган эмес.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө унаа таксист болуп иштеген Ош шаарынын 73 жаштагы тургуну А. А.га таандык экени аныкталган. Ошол эле күнү саат 18:00 чамасында аны 25-30 жаштардагы белгисиз адам жалдап, Алымбек Датка көчөсүндө жайгашкан турак жайга алып барууну суранган. Кийинчерээк айдоочу дайынсыз жоголгон", - дешет башкармалыктан.

Айдоочунун дайынсыз жоголгондугу тууралуу жакындары милицияга кабар беришкен. 10-майда таксисттин денеси Ош шаарынын түштүк бөлүгүндөгү талаадан табылган.

11-майда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, Ош шаарынын 1998-жылы туулган М. уулу Ш. аттуу тургунун жер төлөдө жайгашкан интернет-кафеден кармашкан.

"Алгачкы сурак учурунда шектүү кылмыш болгон күнү мас абалында болгонун моюнга алган. Ал унааны тартып алып, андан кийин сатуу үчүн такси айдоочусун өлтүргөнүн айткан. Бирок кырсыкка кабылгандыктан, планын ишке ашыра алган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Шектүүгө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү "Киши өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

13-майда Ош шаардык соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17822