Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү узарды
512
Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы депутат Шаирбек Ташиевди тергөө абагында калтырганын редакцияга ырастады.
Маалым болгондой, Биринчи Май райондук соту ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган. Ага ылайык, Т. Ш. К.нын (Шаирбек Кыдыршаевич Ташиев) камактагы мөөнөтү 16-июлга чейин узартылды.
Тема боюнча:
Белгилесек, 1-апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев "Кыргызнефтегаз" ААКсындагы коррупциялык схема боюнча тергөөнүн жүрүшүндө кармалган. Мамлекетке келтирилген алдын ала зыян 4,1 миллиард сомдон ашык деп бааланууда.
Ички иштер министрлиги Шаирбек Ташиев мамлекетке келтирген зыянды толугу менен төлөөгө тийиш экенин билдирген.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17852
