Кантта автокырсыктан 1 аял каза тапты. Рулда мэриянын кызматкери болгон
Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев Kaktus.media кол алдындагы кызматкери кырсыкка кабылганда мас абалында болгонун тастыктады.
Мэрдин айтымында, кырсыкка кабылган унаада анын кол алдындагы кызматкери - жер жана архитектура боюнча адис болгон. Андан тышкары дагы бир жабырлануучу А.К. Кант шаардык мэриясында иштейт деген Майлибашев. Ал эми каза болгон жаран мурда Кант мэриясында иштегенин, бирок кийин Салык кызматында иштегенин кошумчалады.
Чүй ОИИББден жол кырсыгы 21-майда саат 23:53 чамасында Кант шаарындагы көчөлөрдүн кесилишинде орун алганын маалымдады.
1997-жылы туулган А.А. аттуу жаран Mercedes-Benz S-Class үлгүсүндөгү унаасы менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып рулга ээ боло албай, Ленин көчөсүндө жайгашкан тиш дарылоо жайын сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу А.А. жана жүргүнчүлөр - 1998-жылы туулган Н.А., 2004-жылы туулган А.К. ар кандай жаракаттарды алып, Кант шаардык аймактык ооруканасына жеткирилген.
Ал эми 1998-жылы туулган К.Ф. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери улантылууда. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат дешет башкармалыктан.
